383-статья. Экономикалык иштердин атайын караштуулугу
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · VI БӨЛҮМ
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207
1. Соттор экономикалык иштер боюнча сот иши жүргүзүү тартибинде юридикалык жактардын жана/же жеке ишкерлердин ортосундагы төмөндөгүдөй талаштарды карайт:
1) келишим боюнча пикир келишпестиктерди, анын түзүлүшү же пикир келишпестиктерди соттун чечүүсүнө берүүнү тараптар макулдашат;
2) шарттарды өзгөртүү жөнүндө же келишимди бузуу жөнүндө;
3) милдеттенмелерди аткарбай коюу же ойдогудай аткарбоо жөнүндө;
4) келишимдерди жарактуу деп табуу жөнүндө;
5) келишимдерди жараксыз деп табуу жөнүндө;
6) менчик укугун таануу жөнүндө;
7) менчик ээси же дагы башка мыйзамдуу ээлик кылуучу бөтөн мыйзамсыз ээлик кылуудан мүлктү талап кылышы жөнүндө;
8) мүлктөн пайдалануу жагындагы тоскоолдуктарды четтетүү жөнүндө;
9) менчик ээсинин же дагы башка мыйзамдуу ээлик кылуучунун ээлик кылуудан ажыратуу менен байланышпаган укуктарынын бузулушу жөнүндө;
10) зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;
11) банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө;
12) мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык келбеген жана юридикалык жактардын жана жеке ишкерлердин укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын бузган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдарынын, дагы башка органдардын ченемге жат укуктук актыларын (толугу менен же анын бир бөлүгүн) жараксыз деп табуу жөнүндө;
13) юридикалык жактарды каттоо, кайра каттоо жана жоюу маселелери боюнча юридикалык жактарды уюштуруучулар, юридикалык жактар менен мамлекеттик бийлик органдарынын жана алардын кызмат адамдарынын ортосундагы талаштарды, кызыкдар жактардын юридикалык жакты жоюу жөнүндө арыздары боюнча талаштарды, юридикалык жактар менен аларды уюштуруучулардын ортосундагы талаштар боюнча иштерди, ошондой эле, эгерде уюштуруучулары юридикалык жактар жана/же жеке ишкерлер болсо, юридикалык жактын уюштуруучуларынын өз ара талаштары боюнча иштерди;
14) мамлекеттик органдар, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органдары, контролдоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырган дагы башка органдар юридикалык жактардан жана жеке ишкерлерден милдеттүү төлөмдөрдү, жыйымдарды, айып акыларды жана дагы башка финансы санкцияларын өндүрүп алышы жөнүндө;
15) контролдоо иш-милдеттерин жүзөгө ашырган органдар эсептен чыгарган же алып койгон акча каражаттарын бюджеттен кайра кайтаруу жөнүндө;
16) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өзалдынча башкаруу органынын, юридикалык жактын же жеке ишкердин ишкерлигине тиешеси бар дагы башка органдын актысын аткарууга мажбурлоо жөнүндө;
17) юридикалык жактын же жеке ишкердин ишкердик беделин коргоо жөнүндө.
Ишкерлик менен байланышкан дагы башка иштер да мыйзам тарабынан экономикалык иштерге киргизиши мүмкүн. (КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
383-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"Редакцияларды салыштыруу
- Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
16.12.2016 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…зыяндын ордун толтуруу жөнүндө;
11) банкроттук (кудуретсиздик) кошулду: жөнүндө, банктарды мажбурлап жоюу жөнүндө;
12) мыйзамдарга жана башка ченемдик укуктук актыларга ылайык … иштерге киргизиши мүмкүн.
(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № алынып салынды: 168 Мыйзамынын редакциясына кошулду: 168, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге цитата келтиргендер (1)
- ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПЛЕНУМА ВЕРХОВНОГО СУДА КР от 16 декабря 2016 года №13 "О некоторых вопросах ликвидации юридических лиц, их филиалов и представительств"Постановление Пленума Верховного суда · 16.12.2016 · № 13
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-383" title="383-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>