# 382-статья. Экономикалык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: VI БӨЛҮМ
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-382>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-382.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 382-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-382

---

Экономикалык иштер боюнча сот ишин жүргүзүү ушул бөлүмдө белгиленген өзгөчөлүктөрү менен жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелери боюнча соттор тарабынан жүзөгө ашырылат. Экономикалык иштер болуп ишкерликтен жана дагы башка экономикалык иштен келип чыккан иштер саналат, анын тараптары болуп юридикалык жактар жана/же ушул ишти юридикалык жакты түзбөстөн жүзөгө ашырган жана мыйзамда белгиленген тартипте жеке ишкердин статусуна ээ болгон жарандар (мындан ары - жеке ишкерлер) саналат, алар өздөрүнүн бузулган укуктарын же талашып жаткан укуктарын жана мыйзамдуу таламдарын коргоо үчүн ушул Кодексте белгиленген тартипте сотко кайрылууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [381-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-381)  
Кийинки берене: [383-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-383)
