# 380-статья. Чет өлкөлүк соттордун чечимдерин таануу жана аткаруу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-380>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-380.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 380-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-380

---

1. Эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында же Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерде башкасы каралбаса, же болбосо өз ара жардамдашуунун негизинде чет өлкөлүк соттордун чечимдери Кыргыз Республикасында таанылат жана аткарылат.

2. Чет өлкөлүк сочтун чечими мажбурлап аткарууга ал чечим мыйзамдуу күчүне кирген учурдан баштап үч жыл ичинде коюлушу мүмкүн. Жүйөөлүү себептер боюнча өткөрүлгөн мөөнөт сот тарабынан ушул Кодекстин 122-статьясындагы тартипте калыбына келтирилиши мүмкүн.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [379-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-379)  
Кийинки берене: [380-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-380-1)
