# 371-статья. Өзгөчө компетенция

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 44-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920725..920726>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 371-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-371

---

Кыргыз Республикасынын сотторунун өзгөчө компетенциясына төмөнкү доолор боюнча чет өлкөлүк жактар катышкан жарандык иштер таандык болот:

1) Кыргыз Республикасында турган кыймылсыз мүлккө укук жөнүндө;

2) Кыргыз Республикасынын жарандарынын чет өлкөлүк жаран менен же жарандыгы жок адамдар менен никени бузуу жөнүндө, эгерде жубайлардын экөө тең Кыргыз Республикасында жашап турса;

3) эгерде сотко кайрылууга негиз болгон аракет Кыргыз Республикасынын аймагында жасалган болсо, Кыргыз Республикасынын кызмат адамдарынын жана мамлекеттик органдарынын аракеттерин талашуу жөнүндө;

4) жүк ташуу келишиминен келип чыккан нерселер жөнүндө;

5) патенттерди каттоо же берүү, товардык белгиге, өнөр жай үлгүсүнө, пайдалуу моделге күбөлүктөрдү каттоо же берүү же болбосо Кыргыз Республикасында каттоону же патентти же күбөлүктү берүүнү талап кылган интеллектуалдык иштин натыйжаларына башка укуктарды каттоо менен байланышкан.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [370-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-370)  
Кийинки берене: [372-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-372)
