# 368-статья. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык процесстик аракетке жөндөмдүүлүгү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-368>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-368.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 368-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-368

---

1. Чет өлкөлүк жарандардын жана жарандыгы жок адамдардын жарандык процесстик аракетке жөндөмдүүлүгү алардын мыйзамдары боюнча аныкталат.

2. Адамдын жеке мыйзамы болуп ал жараны болуп саналган мамлекеттин укуктары таанылат. Эгерде ал адамда бир нече чет өлкөлүк жарандык болсо анын жеке мыйзамы болуп ал кыйла тыгыз байланышкан мамлекеттин мыйзамы таанылат.

3. Жарандыгы жок жактардын жеке мыйзамы болуп ал туруктуу жашаган мамлекеттин мыйзамы, ал эми андай болбосо - ал адатта жашап турган мамлекеттин мыйзамы эсептелет.

4. Өзүнүн жеке мыйзамы боюнча процесстик аракетке жөндөмдүү болуп саналбаган жактар, эгер алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык процесстик аракетке жөндөмдүү болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында аракетке жөндөмдүү деп таанылат.

---

Мурунку берене: [367-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-367)  
Кийинки берене: [369-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-369)
