# 367-статья. Чет өлкөлүк жактардын процесстик укуктары жана милдеттери

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 43-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-367>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-367.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 367-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-367

---

1. Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар, чет өлкөлүк юридикалык жактар, эл аралык уюмдар (мындан ары - чет өлкөлүк жактар) өздөрүнүн бузулган же талашылган укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам менен корголуучу таламдарын коргоо үчүн Кыргыз Республикасынын сотторуна кайрылууга укуктуу.

2. Чет өлкөлүк жактар Кыргыз Республикасынын жарандары жана юридикалык жактары менен бирдей эле жарандык процесстик укуктарга ээ жана процесстик милдеттерди аткарышат.

3. Чет өлкөлүк жактар катышкан иштер боюнча сот ишин жүргүзүү ушул Кодекске ылайык аткарылат.

4. Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары менен Кыргыз

Республикасынын жарандарынын жана юридикалык жактарынын жарандык процесстик укуктарын атайылап чектеген мамлекеттердин чет өлкөлүк жактарына карата жооп иретинде чектөөлөр белгилениши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [366-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-366)  
Кийинки берене: [368-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-368)
