# 366-статья. Ишти кайра кароо жөнүндө соттун аныктамасы

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 42-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-366>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-366.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 366-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-366

---

1. Жаңыдан пайда болгон жагдайлар боюнча сот актысын кайра кароо жөнүндөгү арызды же талап кылууну карап чыгып, сот арызды канааттандырат жана сот актысын алып салат, же аны кайра кароодон баш тартат.

2. Биринчи инстанциядагы соттун соттук актыны жаңыдан белгилүү болгон кырдаалдар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө аныктамасына ушул Кодекстин 40-главасында каралган тартипте даттанууга болот.

Апелляциялык, кассациялык инстанциялардагы соттун соттук актыны жаңыдан белгилүү болгон кырдаалдар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө аныктамасына ушул Кодекстин 41-главасында каралган тартипте даттанууга болот. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук актыны жаңыдан белгилүү болгон кырдаалдар боюнча кайра кароо жөнүндө арызды канааттандыруу же четке кагуу жөнүндө аныктмасына даттанууга болбойт.

3. Сот актысын кайра кароо жөнүндө арыз же талап кылуу канааттандырылган учурда иш сот тарабынан жалпы негизде ушул Кодексте белгиленген эрежелер боюнча каралат.

---

Мурунку берене: [365-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-365)  
Кийинки берене: [367-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-367)
