# 357-статья. Көзөмөл тартибинде сот актысын алып салуу же өзгөртүү үчүн негиздер

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270); 25.07.2008 [Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920743..920744>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-357>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-357.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 357-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-357

---

1. Укук ченемдерин орчундуу бузулушу же туура эмес колдонулушу, соттук актылардын негизсиздиги, ошондой эле соттук акты негизделген мыйзамды Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Конституциялык палатасы Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык эмес деп табышы соттук актыларды көзөмөл тартибинде жокко чыгарууга же өзгөртүүгө карата негиз болот.

2. Сот актысы формалдуу ой жоруулар боюнча алып коюлушу мүмкүн эмес.

3. Сот актысы иш боюнча өндүрүштү токтотуу же ушул Кодекстин 221- жана 223-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча арызды кароосуз калтыруу менен көзөмөл тартибинде алып коюлууга тийиш.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [356-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-356-1)  
Кийинки берене: [358-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-358)
