# 356-статья. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясынын ыйгарым укуктары

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-356>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-356.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 356-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-356

---

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун соттук коллегиясы ишти көзөмөл тартибинде караганда төмөнкүдөй укуктарга ээ:

1) биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун соттук актысын күчүндө калтырууга, ал эми даттанууну же өгүнүчтү - канааттандырбастан калтырууга;

2) иш боюнча мурда чыгарылган чечимдердин бирин күчүндө калтырууга;

3) эгерде материалдык укуктун ченемдерин колдонууда каталыкка жол берилсе, биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун актысын жокко чыгарууга же болбосо өзгөртүүгө жана ишти жаңыдан кароого жибербестен жаңы чечим чыгарууга;

4) биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун актысын толугу менен же бөлүгүн жокко чыгарууга жана арызды карабастан калтырууга же иш боюнча өндүрүштү токтотууга;

5) биринчи, апелляциялык же кассациялык инстанциядагы соттун актысын толугу менен же бөлүгүн жокко чыгарууга жана ишти жаңыдан кароого жиберүүгө.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2014-жылдын 12-февралындагы N 51-р чечими

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [355-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-355)  
Кийинки берене: [356-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-356-1)
