# 35-статья. Ишке катышкан жактардын укуктары менен милдеттери

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 5-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-35>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-35.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 35-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-35

---

1. Ишке катышкан жактар иштин материалдары менен таанышууга, алардан көчүрүп жазып алууга, көчүрмөсүн алууга, баш тартуу билдирүүгө, далилдерди келтирүүгө, ишке катышкан башка жактарга, күбөлөргө, эксперттерге жана адистерге суроо берүүгө, өтүнүч билдирүүгө, сотко оозеки жана жазуу жүзүндөгү түшүндөмөлөрдү берүүгө, сот процессинин жүрүшүндө пайда болгон бардык маселелер боюнча өзүнүн жүйөөлөрүн келтирүүгө, ишке катышкан башка жактардын өтүнүчтөрүнө жана жүйөөлөрүнө каршы чыгууга, сот актыларына даттанууга жана ушул Кодекс тарабынан өзүнө берилген башка процесстик укуктардан пайдаланууга укуктуу.

2. Ишке катышкан жактар өзүнчө таандык болгон бардык процесстик укуктардан ак ниеттүүлүк менен пайдаланууга жана өзүнүн процесстик милдеттерин аткарууга милдеттүү. Процесстик милдеттерин аткарбаганда, ушул Кодексте жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында белгиленген кесепеттер келип чыгат.

---

Мурунку берене: [34-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-34)  
Кийинки берене: [36-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-36)
