# 347-статья. Көзөмөл тартибинде даттанууну, талапты алгандан кийин биринчи инстанциядагы соттун иш-аракети

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-347>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 347-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-347

---

Биринчи инстанциядагы сот көзөмөл тартибинде даттанууну же талапты алгандан кийин бир айлык мөөнөттө төмөнкүлөргө:

1) ишке катышкан жактарга даттануунун же талап кылуунун көчүрмөсүн жана ага тиркелген жазуу жүзүндөгү материалдарды жиберүүгө;

2) ишке катышкан жактар берилген даттанууга же талап кылууга көзөмөлдүк тартибинде өз каршы пикирлерин сунуш кылалгыдай убакытты эсептөө менен көзөмөлдүк тартибинде кароо үчүн ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жиберүүчү күн жөнүндө ишке катышкан жактарга кабар кылууга милдеттүү. Бул мөөнөт 10 жумушчу күнүнөн ашпоого тийиш;

3) каршы пикир билдирүү үчүн мөөнөттүн өтүшү менен ишти Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жиберүүгө милдеттүү.

Ишке катышкан жактар сотто көзөмөлдүк иретинде берилген даттануу жана талап кылуу материалдары менен таанышууга жана өздөрүнүн каршы пикирлерин билдирүүгө укуктуу.

---

Мурунку берене: [346-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-346)  
Кийинки берене: [348-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-348)
