# 345-статья. Даттануунун же талаптын мазмуну

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 41-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202379)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.07.2008 [Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202379); 08.08.2004 [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920732..920733>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-345>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-345.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 345-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-345

---

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна жөнөтүлгөн даттануу же талап төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) даттануу же талап жиберилген кызмат адамынын аталышын;

2) даттанууну же талапты берген жактын аталышын, анын жашаган же турган жерин жана иштеги процесстик абалын;

3) ишке катышкан башка жактардын аталышын, алардын жашаган же турган жерин;

4) ишти биринчи, апелляциялык, кассациялык инстанцияларда караган соттордун аталышын жана алар тарабынан кабыл алынган чечимдердин мазмунун;

5) соттун даттанылып жаткан актысынын көрсөтүлүшүн;

6) мыйзамдын бузулушу эмнеде экендигинин көрсөтүлүшүн;

7) даттанууну же талапты берген жактын өтүнүчүн.

Эгерде көзөмөл иретинде даттанууну же талапты ишке катышпаган жак берсе, аларда мыйзамдуу күчүнө кирген сот актысы тарабынан адамдын кандай укуктары же мыйзам тарабынан корголуучу таламдары же мамлекеттин же коомдун кандай таламдары бузулгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш. Эгерде көзөмөл даттануусу мурда көзөмөл инстанциясына берилген болсо, анда бул жөнүндө жана даттануу же талап боюнча кабыл алынган соттун чечими жөнүндө көрсөтүлүүгө тийиш.

2. Даттанууга даттанууну берген адам же анын өкүлү кол коюуга тийиш, ал эми талапка ыйгарым укуктуу адам кол коет. Өкүл тарабынан берилген көзөмөл даттануусуна ишеним кат же өкүлдүн ыйгарым укуктарын тастыктаган башка документ тиркелүүгө тийиш.

3. (КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [344-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-344)  
Кийинки берене: [346-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-346)
