# 337-6-статья. Кассациялык даттанууну же талапты кайра кайтаруу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 337-6-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-6

---

Кассациялык даттануу же талап төмөндөгүдөй учурларда даттануу же талап берген жакка кайра кайтарылат:

1) кыймылсыз калтырылган даттануудагы же талаптагы кемчиликтерди оңдоо жөнүндөгү көрсөтмөлөр белгиленген мөөнөттө аткарылбаганда;

2) даттануу мөөнөтү өтүп кеткен учурда, эгерде даттанууда же талапта өтүп кеткен мөөнөттү калыбына келтирүү тууралу өтүнүч камтылбаса. Сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген учурдан тартып бир жылдан ашпаган мөөнөткө сот даттануу мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктуу;

3) эгерде даттануу же талап даттануу же талап берүүгө укугу жок адам тарабынан берилсе;

4) даттануу же талап берген жактын арызы боюнча.

Караңыз: КР Жогорку сотунун Конституциялык палатасынын 2013-жылдын 22-ноябрындагы N 11-р чечими

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [337-5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-5)  
Кийинки берене: [337-7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-7)
