# 337-2-статья. Кассациялык даттануу же талап берүү тартиби жана мөөнөтү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 337-2-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-2

---

1. Кассациялык даттануу же талап чечим чыгарган сот аркылуу берилет.

2. Кассациялык даттануу же талап сот актысы мыйзамдуу күчүнө кирген күндөн тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө берилиши мүмкүн.

3. Ишти биринчи инстанцияда жана/же апелляциялык инстанцияда караганда сот жыйналышына катышпай калган арыз берүүчү даттанылып жаткан сот актысын кабыл алуу фактысын же бул актынын мазмунун билбей калгандыгын далилдей алган учурлардан башка учурларда кассациялык даттануу берүүнүн прцесстик мөөнөтү калыбына келтирилүүгө жатпайт.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2009-жылдын 24-июлундагы № 252 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [337-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-1)  
Кийинки берене: [337-3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-3)
