# 337-15-статья. Кассациялык инстанциянын соттук актыларды бузушуна же өзгөртүшүнө карата негиздер

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-15>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 337-15-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-15

---

1. Кассациялык инстанциянын соттук актыларды бузушуна же өэгөртүшүнө карата негиздер болуп укук ченемдерин олуттуу бузуу же туура эмес колдонуу, сот актыларынын негизсиздиги, ошондой эле эгерде сот актысын кайра карап чыгуу үчүн башка негиздер жок болсо, ал негизденген мыйзамды Кыргыз Республикасынын Конституциялык соту Кыргыз Республикасынын Конституциясына ылайык келбейт деп табышы саналат.

2. Сот актысы сот ишин жүргүзүүнүн токтотулушу же ушул Кодекстин 221 жана 223-статьяларында көрсөтүлгөн негиздер боюнча арызды кароосуз калтыруу менен бузулууга тийиш.

3. Сот актысы формалдуу ой жүгүртүүлөр боюнча бузулушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [337-14-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-14)  
Кийинки берене: [337-16-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-337-16)
