# 333-1-статья. Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгаруу жана ишти жаңыдан кароого кайтаруу үчүн негиздер

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-333-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 333-1-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-333-1

---

Биринчи инстанциядагы соттун чечимин жокко чыгарылууга, ал эми иш жаңыдан кароого жөнөтүлүүгө жатат:

1) эгерде иш иштин жыйынтыгына тикелей же кыйыр кызыкдар судья тарабынан каралса, же ага-карата анын калыстыгына шектенүүнү туудурган башка жагдайлар болсо;

2) эгерде иш сот тарабынан сот жыйналышынын убактысы жана жери жөнүндө кабардар болбогон, ишке катышкан адамдардын кимдир бирөөсү жок каралса;

3) эгерде ишти кароодо сот өндүрүшү жүргүзүлгөн тил жөнүндө эреже бузулса;

4) эгерде сот ишке катышууга тартылбаган адамдардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маселени чечсе.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [333-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-333)  
Кийинки берене: [334-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-334)
