# 332-статья. Апелляциялык тартипте соттун чечимин алып салууга же өзгөртүүгө негиздер

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-332>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-332.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 332-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-332

---

1. Биринчи инстанциядагы соттун чечимин алып салууга же өзгөртүүгө негиз болуп төмөнкүлөр саналат:

1) иш үчүн мааниси бар жагдайларды толук аныктабай коюу;

2) сот белгиленген деп эсептеген, иш үчүн мааниси бар жагдайлардын далилденбегендиги;

3) соттун чечимде баяндалган тыянактарынын иштин жагдайларына дал келбегендиги;

4) укук ченемдерин бузуу же туура эмес колдонуу.

2. Бул статьянын 1-пунктунда саналган негиздер боюнча биринчи инстанциядагы соттун чечимин алып салууда апелляциялык инстанциядагы сот иш боюнча жаңы чечим чыгарат.

---

Мурунку берене: [331-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-331)  
Кийинки берене: [333-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-333)
