# 328-статья. Ишти апелляциялык инстанциядагы сотто карап чыгуу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920743..920744>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-328>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-328.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 328-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-328

---

1. Иш апелляциялык инстанциядагы сотто биринчи инстанциядагы соттогу өндүрүш эрежелери боюнча, ушул главада баяндалган жоболорго ылайык жүргүзүлөт.

2. Апелляциялык инстанциядагы сот соттун отурумунун убактысы жана орду жөнүндө ишке катышкан жактарга ушул Кодекстин 11-главасында белгиленген эрежелер боюнча кабарландырат.

Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу же талап менен апелляциялык инстанциядагы сотко кайрылбаган адамдардын келбей калышы ишти карап чыгууга жана апелляциялык чечимди же аныктаманы чыгарууга тоскоолдук кылбайт. Ишке катышуучу жана ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу кабарландырылбаган адамдардын кимдир-бирөөсү соттун отурумуна келбей калган учурда сот ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат. Ишке катышкан жана ишти кароонун убактысы жана орду тууралуу тиешелүү түрдө кабарландырылган адамдардын келбей калышы ишти териштирүүгө жолтоо болбойт.

3. Апелляциялык инстанциядагы соттун отурумунда төрагалык кылган адам соттун отурумунда ойдогудай тартипти камсыз кылуу үчүн зарыл чараларды көрөт.

4. Ишти апелляциялык тартипте карап чыгууда сот апелляциялык даттануунун же талаптын чектеринде биринчи инстанциядагы соттун чечиминин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн текшерет.

5. Апелляциялык инстанциядагы сот жаңы фактыларды белгилөөгө жана жаңы далилдерди иликтөөгө, иштин материалдарында болгон далилдерге жаңы баа берүүгө укуктуу.

6. Апелляциялык инстанциядагы сот мыйзамдуулук таламында апелляциялык даттануунун же талаптын чегинен чыгууга укуктуу.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык) З28-1-статья. Соттун чечиминин аткарылышын токтото туруу Биринчи инстанциядагы соттун чечимине даттануу мөөнөтү калыбына келтирилген учурда, аппеляциялык даттануу же сунуштоо чечилгенге чейин аппеляциялык инстанция соттун чечиминин аткарылышын токтото турууга укуктуу. (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [327-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-327)  
Кийинки берене: [329-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-329)
