# 326-статья. Доогердин доодон баш тартышы жана тараптардын жарашуу макулдашуусу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-326>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-326.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 326-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-326

---

Апелляциялык даттануу же талап берилгенден кийин жүзөгө ашырылган доогердин доодон баш тартышы же тараптардын жарашуу макулдашуусу апелляциялык инстанцияга жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Доодон баш тартуу кабыл алынганга же жарашуу макулдашуусу бекитилгенге чейин сот доогерге же тараптарга алардын иш-аракеттеринин натыйжасын түшүндүрөт. Доодон баш тартуу кабыл алынган же тараптардын жарашуу макулдашуусу бекитилген учурда апелляциялык инстанция чыгарылган чечимди алып салат жана иш боюнча өндүрүштү токтотот. Эгерде ушул Кодекстин 41-статьясындагы 4-пунктта көрсөтүлгөн негиздер боюнча сот доодон баш тартууну же жарашуу макулдашуусун четке какса, ал ишти апелляциялык тартипте карайт.

---

Мурунку берене: [325-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-325)  
Кийинки берене: [327-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-327)
