326-статья. Доогердин доодон баш тартышы жана тараптардын жарашуу макулдашуусу
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 39-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Апелляциялык даттануу же талап берилгенден кийин жүзөгө ашырылган доогердин доодон баш тартышы же тараптардын жарашуу макулдашуусу апелляциялык инстанцияга жазуу жүзүндө берилүүгө тийиш. Доодон баш тартуу кабыл алынганга же жарашуу макулдашуусу бекитилгенге чейин сот доогерге же тараптарга алардын иш-аракеттеринин натыйжасын түшүндүрөт. Доодон баш тартуу кабыл алынган же тараптардын жарашуу макулдашуусу бекитилген учурда апелляциялык инстанция чыгарылган чечимди алып салат жана иш боюнча өндүрүштү токтотот. Эгерде ушул Кодекстин 41-статьясындагы 4-пунктта көрсөтүлгөн негиздер боюнча сот доодон баш тартууну же жарашуу макулдашуусун четке какса, ал ишти апелляциялык тартипте карайт.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
326-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-326" title="326-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>