# 325-статья. Апелляциялык даттануудан же талаптан баш тартуу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-325>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-325.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 325-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-325

---

1. Апелляциялык даттанууну же талапты берген адам иш сотто каралганга чейин андан баш тартууга укуктуу.

2. Талап койгон прокурор, ошондой эле жогору турган прокурор ишти сотто кароо башталганга чейин талапты кайра чакыртууга укуктуу.

3. Эгерде даттануудан же талаптан баш тартуу ишке катышкан адамдардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзам тарабынан корголуучу таламдарын бузбаса, сот баш тартуу чечимин кабыл алат.

4. Даттануудан же талаптан баш тартуу чечимин кабыл алуу менен сот апелляциялык өндүрүштү токтотуу жөнүндө аныктама чыгарат.

---

Мурунку берене: [324-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-324)  
Кийинки берене: [326-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-326)
