# 322-статья. Апелляциялык даттанууну же талапты алгандан кийин судьянын иш-аракети

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 39-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-322>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-322.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 322-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-322

---

1. Ушул Кодексте белгиленген мөөнөттө берилген жана ушул Кодекстин 317-статьясынын талаптарына жооп берген апелляциялык даттанууну же талапты алгандан кийин судья төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) кийинки күндөн кечиктирбестен даттануунун же талаптын көчүрмөлөрүн жана аларга тиркелген документтерди ишке катышкан жактарга жөнөтүүгө;

2) даттануу үчүн белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин ишти апелляциялык инстанциядагы сотко жөнөтүүгө.

2. Апелляциялык даттануу үчүн белгиленген мөөнөт аяктаганга чейин ишти эч ким соттон талап кыла албайт. Ишке катышкан адамдар сотто иштин материалдары, ошондой эле келип түшкөн даттануулар же талаптар жана аларга үн кошуулар менен таанышууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [321-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-321)  
Кийинки берене: [323-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-323)
