308-статья. Иш боюнча чечим
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 36-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Арызды маңызы боюнча карап чыгып, сот чечим чыгарат, аны менен арызды четке кагат же канааттандырат.
2. Арызды канааттандыруу жөнүндө чечим жаранды белгиленген мөөнөткө психиатриялык стационарга мажбурлап госпиталдаштыруу жана андан ары кармоо үчүн негиз болуп саналат.
3. Мажбурлап госпиталдаштыруу жөнүндө соттун чечими чыккандан тартып он күндүк мөөнөттө ага психиатриялык мекемеге жайгаштырылган адам, анын өкүлү, психиатриялык мекеменин жетекчиси же прокурор ушул Кодексте белгиленген тартипте даттана алат.
4. Адам психиатриялык стационарга мажбурлап жаткырылган учурдан тартып алты ай өткөндө психиатриялык мекеменин администрациясы мекеме турган жер боюнча сотко ал адамдын психиатриялык стационарда андан ары болушунун зарылчылыгы жөнүндө врач-психиатрлар комиссиясынын жүйөөлүү корутундусун тиркөө менен арыз жөнөтөт.
Сот ушул главада каралган тартипте өз чечими менен жаранды психиатриялык стационарда кармап туруу мөөнөтүн узартууга укуктуу. Психиатриялык стационарга мажбурлап жаткырылган жаранды мажбурлап госпиталдаштырууну узартуу жөнүндө андан аркы чечим жыл сайын ушул главанын талаптарын сактоо менен сот тарабынан кабыл алынат.
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
308-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-308" title="308-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>