# 307-статья. Арызды карап чыгуу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 36-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-307>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-307.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 307-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-307

---

1. Жаранды психиатриялык стационарга мажбурлоо тартибинде госпиталдаштыруу жөнүндө арызды сот иш козголгон учурдан тартып беш күндүн ичинде карайт.

2. Жаранга аны мажбурлап госпиталдаштыруу жөнүндө иш боюнча соттун жыйналышына жеке катышуу укугу берилүүгө тийиш. Эгерде психиатриялык мекеменин өкүлүнөн алынган маалыматтар боюнча бул анын ден соолук абалынан улам мүмкүн болбосо, анда соттун жыйналышы психиатриялык мекеменин имарат-жайында жүргүзүлүшү мүмкүн.

3. Иш сотко кайрылган психиатриялык мекеменин өкүлүнүн, прокурордун жана госпиталдаштыруу жөнүндө маселеси каралып жаткан адамдын өкүлүнүн милдеттүү түрдө катышуусу менен каралат.

---

Мурунку берене: [306-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-306)  
Кийинки берене: [308-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-308)
