# 301-статья. Документти кармоочудан арыз келип түшкөндөн кийинки соттун иш-аракеттери

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-301>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-301.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 301-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-301

---

1. Жарыяланган күндөн тартып үч айлык мөөнөт өткөнгө чейин документти кармоочудан арыз келип түшкөн учурда сот документти жоготуп жиберген жактын арызын кароосуз калтырат жана документти берген мекеме (жак) үчүн ал документ боюнча төлөөлөргө жана берүүлөргө тыюу салынган мөөнөттү белгилейт. Бул мөөнөт эки айдан ашпоого тийиш.

2. Ошол эле мезгилде сот арыз берүүчүгө документти кармоочуга карата бул документти талап кылуу жөнүндө жалпы тартипте доо коюу укугу тууралуу, ал эми документти кармоочуга - тыюу салуу чаралары менен ага келтирилген чыгашалардын ордун арыз берүүчүдөн төлөтүп алуу укугу жөнүндө түшүндүрөт.

3. Ушул статьяда көрсөтүлгөн маселелер боюнча аныктамага карата жекече даттануу же сунуш берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [300-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-300)  
Кийинки берене: [302-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-302)
