# 30-статья. Сотко өзгөчө караштуулук

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-30>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-30.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 30-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-30

---

1. Жер участокторуна, жер кенчтеринин участокторуна, обочолонгон суу объекттерине, токойго, көп жылдык бак-дарактарга, имараттарга, курулуштарга жана жерге бекем байланышкан башка объекттерге кыймылсыз мүлккө укуктар жөнүндө, ошондой эле мүлктү камактан чыгаруу жөнүндөгү доо бул объекттердин жайгашкан жери боюнча коюлат.

2. Мурас берүүчүнүн кредиторлорунун мураскорлор мурасты алганга чейинки доолору мурасталып жаткан мүлк же анын негизги бөлүгү жайгашкан жер боюнча коюлат.

3. Жүктү же жүргүнчүлөрдү ташуу келишимдеринен келип чыккан ташуучуга карата доо транспорт ишканасынын органы жайгашкан жер боюнча коюлат.

---

Мурунку берене: [29-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-29)  
Кийинки берене: [31-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-31)
