# 299-статья. Арызды алгандан кийинки судьянын иш-аракеттери

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-299>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-299.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 299-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-299

---

1. Арызды кабыл алгандан кийин судья документти берген мекемеге (жакка) ал боюнча төлөмдөргө жана берүүлөргө тыюу салуу жөнүндө аныктама чыгарат жана ал аныктаманын көчүрмөсүн документти берген мекемеге (жакка), реестрди кармоочуга, каттоочуга жиберет.

2. Аныктамада ошондой эле жергиликтүү газетада арыз берүүчүнүн эсебинен төмөнкүлөрдү камтыган билдирүүнү жарыялоо жөнүндө айтылат:

1) документти жоготуу жөнүндөгү арыз келип түшкөн соттун аталышы;

2) арыз берген жактын аталышы жана анын жашаган жери;

3) документтин аталышы жана өзгөчөлөнгөн белгилери;

4) жоголгондугу жөнүндө билдирилген документтердин кармоочусуна жарыяланган күндөн тартып үч айдын ичинде өзүнүн укуктары тууралуу сотко арыз берүү сунушу.

2. Аныктама чыгаруудан баш тартууга карата жекече даттануу же сунуш берилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [298-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-298)  
Кийинки берене: [300-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-300)
