# 297-статья. Арызды берүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 35-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-297>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-297.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 297-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-297

---

1. Талап кылуучунун баалуу кагаздарын жана ордердик баалуу кагаздарын (мындан ары - документ) жоготуп жиберген жак мыйзамда көрсөтүлгөн учурларда жоголгон документтерди анык эмес деп табууну жана аларга карата укуктарын калыбына келтирүүнү соттон өтүнө алат. Тиешелүү түрдө эмес сакталгандыктан же башка себептерден улам документ төлөм боюнча сапаттарын жоготуп койгон учурда да документке карата болгон укуктар калыбына келтирилиши мүмкүн.

2. Жоголгон документтерди анык эмес деп табуу жөнүндөгү арыз ал документти берген мекеменин (жактын) жайгашкан жери боюнча берилет.

---

Мурунку берене: [296-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-296)  
Кийинки берене: [298-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-298)
