# 293-статья. Арыздын мазмуну

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 34-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-293>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-293.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 293-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-293

---

1. Кыймылдуу мүлктү ээси жок деп табуу жөнүндөгү арызда кайсы буюм ээси жок деп табылууга тийиш экендиги, анын өзгөчөлөнгөн негизги белгилери жазылып, буюмдун ээси аны менчик укугун сактоого ниеттенбестен калтырып койгондугунун далилдери жана арыз берүүчүнүн ага ээлик кылууга киришкендигинин далилдери келтирилүүгө тийиш.

2. Коммуналдык мүлктү башкаруу ыйгарым укугуна ээ органдын кыймылсыз мүлккө карата муниципалдык менчик укугун таануу жөнүндөгү арызында кыймылсыз мүлк качан жана ким тарабынан эсепке алынгандыгы көрсөтүлүүгө, ошондой эле буюмдун ээси аны менчик укугун сактоого ниеттенбестен калтырып койгондугун күбөлөндүргөн далилдер келтирилүүгө тийиш.

---

Мурунку берене: [292-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-292)  
Кийинки берене: [294-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-294)
