# 288-статья. Арызды берүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 33-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920743..920744>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-288>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-288.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 288-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-288

---

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 62-статьясынын 1-пунктунда каралган учурларда он алты жашка чыккан жашы жете элек өспүрүм аны толук аракетке жөндөмдүү деп жарыялоо жөнүндөгү арыз менен жашаган жери боюнча сотко кайрыла алат.

2. Арыз сотто ата-энесинин, багып алган ата-энесинин экөөнүн тең же камкорчусунун макулдугу болбогон же үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм жашы жете электи аракетке жөндөмдүү деп жарыялоодон баш тарткан учурда кабыл алынат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [287-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-287)  
Кийинки берене: [289-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-289)
