# 287-статья. Аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген дегенди алып салуу жана жаранды аракетке жөндөмдүү деп табуу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920743..920744>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-287.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 287-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-287

---

1. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 65-статьясынын 2-пунктунда каралган учурларда, сот жарандын өзүнүн, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн же прокурордун арызы боюнча жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген дегенди алып салуу жөнүндө чечим чыгарат. Соттун чечиминин негизинде жаранга белгиленген камкордук алып салынат.

2. Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 64-статьясынын 3-пунктунда каралган учурларда сот камкорчунун, үй-бүлө мүчөлөрүнүн, жакын туугандарынын, психиатриялык дарылоо мекемесинин, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн, прокурордун арызы боюнча жана соттук-психиатриялык экспертизанын тиешелүү корутундусунун негизинде жаранды аракетке жөндөмдүү деп табуу жөнүндө чечим кабыл алат. Соттун чечиминин негизинде ага белгиленген камкордук алып салынат.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [286-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-286)  
Кийинки берене: [288-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-288)
