Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
285-статья. Арызды кароо
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 32-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 марта 2014 года № 48
1. Жаранды аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү иш сотто жарандын өзүнүн, арыз берүүчүнүн, прокурордун жана үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өкүлүнүн катышуусу менен каралат.
2. Жаранды аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү ишти сот арыз берүүчүнүн, прокурордун жана үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өкүлүнүн сөзсүз катышуусу менен карайт. Аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө иши каралып жаткан жаран, эгерде анын ден соолугунун абалы мүмкүндүк берсе, соттун жыйналышына чакырылышы мүмкүн.
3. Жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген же аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү ишти кароого байланыштуу соттун чыгымдарын төлөөдөн арыз берүүчү бошотулат. Сот арыз берген үй-бүлө мүчөлөрү жарандын аракетке жөндөмдүүлүгүн чектөө же аракетке жөндөмдүүлүгүнөн ажыратуу максатында арыз берүү менен абийирсиз иш кылгандыгын аныктоо менен, алардан соттун бардык чыгымдарын төлөтүп алат.
(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
14.03.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…иш сотто жарандын өзүнүн, арыз берүүчүнүн, прокурордун жана алынып салынды: камкордук кылуучу органдын кошулду: үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өкүлүнүн катышуусу менен каралат.
2. Жаранды аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү ишти сот арыз берүүчүнүн, прокурордун жана алынып салынды: камкордук кылуучу органдын кошулду: үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн өкүлүнүн сөзсүз катышуусу менен карайт. Аракетке жөндөмсүз деп табуу … аныктоо менен, алардан соттун бардык чыгымдарын төлөтүп алат.
кошулду: (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-285" title="285-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>