# 284-статья. Жарандын психикалык абалын аныктоо үчүн экспертиза дайындоо

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-284>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-284.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 284-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-284

---

1. Сот ишти териштирүүгө даярдоо тартибинде жарандын жин оорусу менен ооругандыгы же акыл-эсинин начарлагандыгы жөнүндө жетиштүү негиз болгон учурда анын психикалык абалын аныктоо үчүн экспертиза дайындайт.

2. Аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндө иш козголгон адам экспертизадан өтүүдөн анык качкан өзгөчө учурларда сот психиатрдын жана прокурордун катышуусу менен өткөн жыйналышында жаранды соттук-психиатриялык экспертизадан мажбурлап өткөрүү жөнүндө аныктама чыгара алат.

---

Мурунку берене: [283-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-283)  
Кийинки берене: [285-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-285)
