# 282-статья. Арызды берүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 32-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 14.03.2014 [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270); 17.07.2009 [Закон КР от 17 июля 2009 года № 233 "О внесении дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203191)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920743..920744>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-282>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-282.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 282-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-282

---

1. Спирт ичимдиктерин же баңги заттарды ашыкча пайдалангандыгынын, кумар оюндарына патологиялык жактан азгырылуунун натыйжасында жарандын аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү иш анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн же прокурордун арызы боюнча козголот.

2. Жаранды психикасынын бузулушунан улам аракетке жөндөмсүз деп табуу жөнүндөгү иш сотто анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, аны менен чогуу жашагандыгына же жашабагандыгына карабастан жакын туугандарынын (ата-энесинин, балдарынын, бир туугандарынын, эже-карындаштарынын) үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүмдүн же прокурордун, психиатриялык дарылоо мекемесинин арызы боюнча козголот.

3. Жаранды аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп табуу жөнүндөгү арыз ал жарандын жашаган жери боюнча, ал эми ал адам психиатриялык дарылоо мекемесине орноштурулса, анда бул дарылоо мекемесинин жайгашкан жери боюнча берилет.

(КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 233, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [281-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-281)  
Кийинки берене: [283-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-283)
