# 280-статья. Арыз боюнча соттун чечими

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 31-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205270)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920743..920744>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-280>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-280.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 280-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-280

---

1. Жаранды дайынсыз жок болгон деп табуу жөнүндөгү соттун чечими анын мүлкүн үй-бүлөнү жана балдарды колдоо боюнча бөлүм бул мүлктү ишенимдүү башкаруу (зарыл болгон учурда туруктуу башкаруу) жөнүндөгү келишим түзгөн жакка өткөрүп берүү үчүн негиз болот.

2. Жарандын өлгөндүгүн жарыялоо жөнүндөгү соттун чечими жарандык абалды каттоо органы тарабынан жарандын өлгөндүгү жөнүндөгү жазууну жарандык абалды каттоо китебине киргизүү үчүн негиз болот.

(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [279-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-279)  
Кийинки берене: [281-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-281)
