# 272-статья. Юридикалык мааниси бар фактыларды аныктоо боюнча иштер

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 30-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-272>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-272.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 272-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-272

---

1. Сот жарандардын же юридикалык жактардын жекече же мүлктүк укуктарынын пайда болушуна, өзгөрүшүнө жана токтотулушуна таасир этүүчү фактыларды аныктайт.

2. Сот төмөнкү фактыны аныктоо боюнча иштерди карайт:

1) жактардын бир тууганчылык мамилелерин;

2) жактын багууда болушун;

3) төрөлүүнү, багып алууну, никени, ажырашууну жана өлүмдү каттоо;

4) мыйзамда белгиленген учурларда, жубайлардын биринин өлүмүнө байланыштуу жарандык абалды каттоо органдарында никени каттоо мүмкүн болбосо, иш жүзүндө никеде болгондугун;

5) ата экендигин аныктоо;

6) документте көрсөтүлгөн аты, атасынын аты жана фамилиясы бул адамдын паспортундагы же туулгандыгы тууралуу күбөлүгүндөгү атына, атасынын атына жана фамилиясына туура келбеген учурда укукту белгилөөчү документтин таандуулугун;

7) кыймылсыз мүлккө менчик укугунда ээлик кылууну, пайдаланууну жана тескөөнү;

8) кырсыктын болгондугун;

9) жарандык абалды каттоо органдары өлүмдү каттоодон баш тарткан учурда адамдын белгилүү бир убакта, белгилүү бир кырдаалда өлгөндүгүн;

10) мурасты кабыл алууну жана мурас ачылган жерди;

11) эгерде мыйзамдарда аларды аныктоонун бөлөк тартиби белгиленбесе, юридикалык мааниси бар башка фактыларды аныктоо боюнча иштерди карайт.

---

Мурунку берене: [271-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-271)  
Кийинки берене: [273-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-273)
