# 271-статья. Өзгөчө жүргүзүлүүчү иштерди кароо тартиби

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 29-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-271>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-271.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 271-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-271

---

1. Өзгөчө жүргүзүлүүчү иштер сот тарабынан ушул Кодекстин 30-38-главаларында белгиленген алымча, кошумчалары менен доо ишин жүргүзүү эрежелери боюнча каралат.

2. Өзгөчө жүргүзүлүүчү иштер сотто арыз берүүчүнүн, таламдаш жарандардын жана юридикалык жактардын өкүлдөрүнүн, ал эми мыйзамда жана ушул Кодексте белгиленген учурларда, прокурордун катышуусу менен каралат.

3. Эгерде өзгөчө жүргүзүлүүчү ишти сотто кароодо сотко караштуу укук боюнча талаш-тартыш бар экендиги аныкталса, анда сот аныктама чыгарып, анда арыз берүүчүгө жана таламдаш башка жактарга алардын талаш-тартыш маселени өзгөчө иш жүргүзүлүүчү сотто доо боюнча иш жүргүзүү тартибинде чечип алуу укугу түшүндүрүлөт. Аныктамада ошондой эле таламдаш жактар ушул Кодекстин 132- жана 133-статьяларынын талаптарын сот белгилеген мөөнөттө аткарууга тийиш экендиги түшүндүрүлөт. Бул талаптар аткарылбаган учурда арыз кароосуз калтырылат, ал эми таламдаш тараптар жалпы негизде доо коюуга укуктуу.

4. Талаш-тартыш пайда болгон ишти сот, таламдаш тараптар анын бул сотто каралышына каршы болгон учурда каралуу тиешелүүлүгү боюнча башка сотко өткөрүп берет.

---

Мурунку берене: [270-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-270)  
Кийинки берене: [272-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-272)
