# 27-1-статья. Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптардын сотко караштуулугу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 4-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-27-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 27-1-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-27-1

---

1. Бири райондор аралык сотко караштуу болгон, ал эми башкалары райондук сотко караштуу болгон өзара байланышкан бир нече доо талаптары бириктирилгенде иш райондор аралык сотто каралууга тийиш.

2. Эгерде ишти райондук сотто териштирүүдө ал райондор аралык соттун кароосуна тийиштүү болуп чыкса, сот ишти райондор аралык соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

2-1. Эгерде райондор аралык сотто иштерди териштирүүдө ал райондук соттун соттук иши болуп калса, сот ишти райондук соттун кароосуна өткөрүп берүү жөнүндө аныктама чыгарат.

3. Эгерде сумманы өндүрүп алуу жөнүндөгү ишти кароонун жүрүшүндө доогер өзүнүн талаптарын өзгөртсө жана карызкорду (жоопкерди) банкрот (кудуретсиз) деп таанууну өтүнсө, иш сотко караштуулугу боюнча райондор аралык сотко жөнөтүлөт.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110, 2008-жылдын 25-июлундагы № 168, 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [27-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-27)  
Кийинки берене: [28-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-28)
