# 268-статья. Ишти кароону кийинкиге калтыруу. Соттук жыйындагы тыныгым

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 268-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-268

---

1. Сот ушул Кодексте каралган учурларда, ошондой эле иште катышкан жак соттук жыйынга келбеген учурларда, эгерде ал жак соттук териштирүүнүн убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабарланганы жөнүндө маалымат жок болсо, ишти кароону кийинкиге калтыра алат.

Ишти кароонун кийинкиге калтырылышы ишти кароонун ушул Кодекстин 267-статьясында каралган мөөнөтүн үзгүлтүк кылбайт. Ишти кароо кийинкиге калтырылганы жөнүндө сот аныктама чыгарат.

2. Сот иште катышкан жактын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси менен соттук жыйында үч күндөн ашпаган мөөнөткө тыныгым жарыялай алат. Процесстин катышуучулары ишти угуунун убактысы жана орду жөнүндө соттук жыйындын протоколуна кол койдуруу менен кабарланат.

---

Мурунку берене: [267-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-267)  
Кийинки берене: [269-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-269)
