# 265-статья. Арызды кабыл алуу. Администрациялык иште катышуучу жактарга соттук териштирүү жөнүндө кабарлоо

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 26-глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-265>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-265.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 265-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-265

---

1. Арызды сот өндүрүшүнө кабыл алуу маселесин судья өзү арыз сотко түшкөндөн кийин үч күндүн ичинде чечет.

Судья арыздын кабыл алынганы жөнүндө аныктама чыгарат, анда иштин соттук жыйындын териштирүүсүнө дайындалгандыгы, анын өткөрүлүүчү күнү жана орду көрсөтүлөт.

2. Арызды өндүрүшкө кабыл алуу жөнүндө аныктаманын көчүрмөсүн сот иште катышуучу жактарга аныктама чыгарылгандан кийинки күндөн кечиктирбестен жиберет.

3. Соттук териштирүүнүн убактысы жана орду жөнүндө иште катышуучу жактарга сот тапшырылганы кайра кабарлануучу заказ кат түрүндө соттук актынын көчүрмөсүн почта аркылуу жиберүү, соттук актынын көчүрмөсүн чабармандан берүү же кечиктирилгис учурларда - телефонограмма, телеграмма, факсимилдик байланыш, электрондук почта же байланыштын башка каражаттарын пайдалануу аркылуу билдирет.

4. Иште катышуучу жактар сотко иш боюнча сот өндүрүшүнүн убагында даректери өзгөргөндүгү жөнүндө билдирүүгө милдеттүү. Андай билдирүү болбосо процесстик документтер иште катышуучунун белгилүү болгон акыркы дареги боюнча жиберилет жана адресат ал даректе турбаса да тапшырылды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [264-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-264)  
Кийинки берене: [266-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-266)
