# 2585-статья. Арызды кароо

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 252-глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 июля 2016 года № 97 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О противодействии экстремистской деятельности")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111376)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920746..920747>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-2585>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-2585.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 2585-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-2585

---

1. Арыз келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө сот тарабынан каралууга тийиш. Эгерде арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечим беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат.

2. Арыз талап билдирген прокурордун жана эгерде турган жери белгилүү болсо, арызда көрсөтүлгөн адамдардын катышуусу менен сот тарабынан каралат. Сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө талаптагыдай кабардар болгон арызда көрсөтүлгөн адамдардын сотко келбей коюшу ишти кароо жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

3. Эгерде арызда көрсөтүлгөн адамдардын турган жери белгисиз болгон учурда, сот арызды алар жок эле карайт.

(КР 2016-жылдын 1-июлундагы № 97 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [2584-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-2584)  
Кийинки берене: [2586-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-2586)
