# 258-статья. Соттун чечими, аны аткаруу жана даттануу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 258-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-258

---

1. Арыздын негиздүү экенин белгилөө менен, сот талашылып жаткан чечимди, аракетти (аракетсиздикти) мыйзамсыз деп тааныйт жана добуш берүүнүн жыйынтыктары жөнүндө же шайлоонун натыйжалары жөнүндө тиешелүү шайлоо комиссиясынын чечимин же болбосо шайлоо комиссиясынын башка чечимин жокко чыгарат.

2. Сот эгерде талашылып жаткан чечим, аракет (аракетсиздик) мыйзамдуу экенин белгилесе, арызды канааттандыруудан баш тартат.

3. Биринчи инстанциядагы соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими көзөмөлгө алуу тартибинде, ушул Кодекстин 41-главасында каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна даттанылышы мүмкүн.

Мында даттануу көзөмөлгө алуу тартибинде чечимди чыгарган сот аркылуу берилиши мүмкүн. Даттанууну түздөн-түз Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берүү даттанууну карап чыгууга тоскоолдук болуп саналбайт. Кыргыз Республикасынын Жогорку соту көзөмөлгө алуу тартибинде берилген даттанууну, даттануу берилген күндөн тартып беш календардык күндүн ичинде карайт.

4. Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун токтому чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы чечим болуп саналат жана ага даттанууга болбойт.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык) 25-1-глава Сот арачылыкка талапкерлердин акыркы тизмесине киргизүү же андан чыгаруу жөнүндө, ошондой эле сот арачылыкка талапкерлердин акыркы тизмесиндеги туура эмес жазууларды оңдоо жөнүндө арыздар боюнча сот ишин жүргүзүү (Глава КР 2009-жылдын 17-июлундагы № 234 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [257-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-257)  
Кийинки берене: [258-1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-258-1)
