# 257-статья. Добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө шайлоо комиссияларынын чечимдерине даттануу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 марта 2012 года № 10 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203610)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920739..920740>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 257-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-257

---

1. Шайлоо комиссияларынын добуш берүүнүн жыйынтыктарын белгилөө жана шайлоонун натыйжаларын аныктоо жөнүндө чечимдерине арыздар (даттануулар) менен талапкерлер, талапкерлердин тизмелерин көрсөткөн саясий партиялар, алардын өкүлдөрү жана байкоочулар кайрыла алышат.

2. Арыздар (даттануулар) добуш берүүнүн жыйынтыктары белгиленген же шайлоонун натыйжалары аныкталган учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде берилет.

3. Арыздар (даттануулар) биринчи инстанциядагы сот тарабынан келип түшкөн учурдан тартып үч күндүк мөөнөттө каралууга тийиш. Арыздарда (даттанууларда) камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен кабыл алынат. Соттун чечими арыз ээсине токтоосуз берилет.

4. Биринчи инстанциядагы соттун кабыл алган чечимине арыздар (даттануулар) чечим чыгарылган учурдан тартып үч календардык күндүн ичинде ушул Кодексте каралган тартипте Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна берилет.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [256-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-256)  
Кийинки берене: [258-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-258)
