# 256-статья. Шайлоо комиссияларынын, мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын шайлоо процессинин катышуучуларынын шайлоо укуктарын бузган чечимдерине жана (же) аракеттерине (аракетсиздигине) даттануу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 25-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 1 марта 2012 года № 10 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203610)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920739..920740>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-256>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-256.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 256-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-256

---

1. Мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдун, шайлоо комиссиясынын, алардын кызмат адамдарынын чечимдеринен, аракеттеринен (аракетсиздигинен) улам жарандардын шайлоо укуктары бузулду деп эсептеген жаран же шайлоо процессинин башка катышуучусу, ушул главада каралган учурларды кошпогондо, жоопкер турган жердеги биринчи инстанциядагы сотко арыз (даттануу) менен кайрылууга укуктуу.

2. Арыз шайлоо процессинин катышуучусуна анын шайлоо укуктары бузулгандыгы жөнүндө маалым болгон учурдан тартып үч жумушчу күндүн ичинде сотко берилиши мүмкүн.

3. Шайлоону даярдоонун жүрүшүндө келип түшкөн арыз, аны берген күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө, бирок добуш берүү күнүнүн алдындагы күндөн кечиктирилбестен, ал эми добуш берүү күнү же добуш берүү күнүнөн кийинки күнү келип түшкөн арыздар дароо каралууга тийиш.

4. Арызда камтылган фактылар кошумча текшерүүнү талап кылган учурларда, алар боюнча чечимдер беш күндүк мөөнөттөн кечиктирилбестен, бирок добуш берүү күнүнүн алдындагы күндөн кечиктирилбестен кабыл алынат.

5. Арыз сот тарабынан арыз ээсинин, тиешелүү шайлоо комиссиясынын, мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдун өкүлүнүн катышуусу менен каралат. Сот отурумунун өткөрүлүүчү убактысы жана жери жөнүндө тийиштүү түрдө кабарландырылган көрсөтүлгөн жактардын сотко келбегени ишти карап чыгуу жана чечүү үчүн тоскоолдук болуп саналбайт.

6. Арызды (даттанууну) карап чыгуунун натыйжасы боюнча сот чечим чыгарат.

7. Соттун чечими ал чыгарылган учурдан тартып мыйзамдуу күчүнө кирет жана аны мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, коммерциялык эмес уюмдар, шайлоо комиссиялары жана алардын кызмат адамдары үчүн аткарууга милдеттүү.

8. Соттун мыйзамдуу күчүнө кирген чечими тийиштүү мамлекеттик бийлик органынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын, коммерциялык эмес уюмдун жетекчисине же шайлоо комиссиясынын төрагасына жиберилет жана токтоосуз аткарылууга тийиш.

(КР 2012-жылдын 1-мартындагы № 10 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [255-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-255)  
Кийинки берене: [257-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-257)
