# 255-статья. Сот буйругун төлөтүп алуучуга берүү

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-255>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-255.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 255-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-255

---

1. Эгерде белгиленген мөөнөттө карызкордон себептерин көрсөтүү менен каршы пикир келип түшпөсө, анда судья төлөтүп алуучуга соттун герб мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн буйругун аткарууну талап кылуу үчүн берет. Төлөтүп алуучунун өтүнүчү боюнча сот буйругу сот тарабынан аткаруу үчүн жиберилиши мүмкүн.

Ушул Кодекстин 247-статьясынын 3-пунктчасында аталган талаптар боюнча соттун буйругу төлөтүп алуучуга берилиши же анын өтүнүчү боюнча буйрук чыгарылары менен түздөн-түз аткаруу үчүн жиберилиши мүмкүн.

2. Карызкордон мамлекеттик алымды тиешелүү бюджеттин эсебине төлөтүп алуу үчүн сот буйругунун герб мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн өзүнчө нускасы сот тарабынан аткаруу үчүн жиберилет.

3. Төлөтүп алуучуга берилген сот буйругунун көчүрмөсү сот ишинде калат.

III. АЙРЫМ КАТЕГОРИЯДАГЫ ИШТЕР БОЮНЧА СОТ ИШИН ЖҮРГҮЗҮҮ ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ

---

Мурунку берене: [254-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-254)  
Кийинки берене: [256-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-256)
