# 252-статья. Сот буйругунун мазмуну

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920732..920733>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-252>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-252.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 252-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-252

---

1. Сот буйругунда:

1) каралган иштин номери жана буйрук чыккан дата;

2) соттун аталышы, буйрук чыгарган судьянын фамилиясы жана инициалдары;

3) өндүрүп алуучунун аталышы, жашаган жери же турган жери;

4) карызкордун аталышы, жашаган жери же турган жери;

5) талап негизделген мыйзам же башка ченемдик укуктук акт;

6) өндүрүлүүгө тийиш болгон акчалай сумманын өлчөмү же талап кылынган кыймылдуу мүлктүн наркын көрсөтүү менен анын сүрөттөлүшү;

7) төлөтүп алуу мыйзамда же келишимде каралган учурда бышмана айып өлчөмү;

8) карызкордон тиешелүү бюджетке төлөнүүчү мамлекеттик алымдын суммасы көрсөтүлөт.

2. Бойго жете элек балдар үчүн алимент төлөө жөнүндөгү соттун буйругунда ушул статьянын 1-5 жана 8-пункттарынан тышкары: карызкордун туулган жери жана датасы, анын иштеген жери, багуу үчүн алимент төлөө белгиленген ар бир баланын аты жана датасы, карызкордон ай сайын алынуучу төлөмдүн өлчөмү жана аларды төлөө мөөнөтү көрсөтүлөт.

3. Атайын даярдалган бланкка жазылган сот буйругуна судья кол коет.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [251-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-251)  
Кийинки берене: [253-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-253)
