# 250-статья. Сот буйругун берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуунун негиздери

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 24-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 июля 2008 года № 168 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/202379)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920732..920733>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-250>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-250.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 250-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-250

---

1. Судья сот буйругун берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан ушул Кодекстин 135- жана 136-статьяларында каралган негиздер боюнча баш тартат.

Мындан тышкары:

1) билдирилген талап ушул Кодекстин 247-статьясында каралбаса;

2) билдирилген талапты ырастаган документтер көрсөтүлбөсө;

3) карызкор Кыргыз Республикасынын сотторунун юрисдикциясынын чегинен тышкары болсо;

4) документтерде укук жөнүндө талаш-тартыш бар экендиги байкалса;

5) (КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамына ылайык алынып салынды)

2. Арыз сотко келип түшкөн күндөн тартып үч күндүк мөөнөттө судья арызды кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө аныктама чыгарат, ага жекече даттануу берилиши же талап коюлушу мүмкүн.

3. Сот буйругун берүү жөнүндө арызды кабыл алуудан баш тартуу өндүрүп алуучу ошол эле талап боюнча доону өндүрүү тартибинде доо коюу мүмкүнчүлүгүнө тоскоолдук кылбайт.

(КР 2008-жылдын 25-июлундагы № 168 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [249-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-249)  
Кийинки берене: [251-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-251)
