# 25-статья. Бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптардын ведомствого караштуулугу

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 3-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 августа 2004 года № 110 " О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики "](https://aqlex.ai/kg/doc/1509)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/12#diff=920725..920726>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-25>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-25.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 25-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-25

---

1. Бири жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелери боюнча каралган, башкалары - экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүнүн эрежелери боюнча каралган бири-бири менен өзара байланышкан бир нече талаптарды бириктирүүдө бардык талаптар, эгерде аларды ажыратып бөлүү мүмкүн болбосо, ушул Кодекстин VI бөлүмүндө каралган экономикалык иштер боюнча жарандык сот ишин жүргүзүүнүн жалпы эрежелерине ылайык каралууга тийиш.

2. Эгерде биринчи инстанциядагы сотто ишти кароодо ушул иш ушул Кодекстин VI бөлүмүнүн эрежелери менен каралууга тийиш экендиги аныкталса, анда сот ишти экономикалык иштер боюнча жарандык сот иши жүргүзүү тартибинде кароо жөнүндө аныктама чыгарат.

(КР 2004-жылдын 8-августундагы № 110 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [24-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-24)  
Кийинки берене: [26-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-26)
