Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
247-статья. Соттун буйругу бериле турган талаптар
Күчүн жоготкон · 20.01.2017 редакциясы · 24-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
Акыркы өзгөртүү: Закон КР от 14 марта 2014 года № 48
Төмөнкүдөй учурда:
1) эгерде талап нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн бүтүмгө негизделсе;
2) эгерде талап жөнөкөй жазуу жүзүндө жасалган бүтүмгө негизделгенде;
3) эгерде талап нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн төлөбөй коюу векселине протестке, бейакцептке же акцептке дата койбой коюуга негизделгенде;
4) эгерде аталыкты белгилөө, аталыкты (энеликти) талашып-тартышуу же үчүнчү жактарды тартуу зарылчылыгы менен байланышпаган бойго жете элек балдарга алиментти өндүрүү жөнүндө талап билдирилсе;
5) эгерде салыктар жана башка салыктык эмес төлөмдөр боюнча калдыктарды жарандардан өндүрүү жөнүндө талап коюлганда;
6) эгерде кызматкерге эсептелген, бирок төлөнбөгөн эмгек акыны өндүрүү жөнүндө талап коюлганда;
7) эгерде жоопкерди же карызкорду жана анын мүлкүн, ошондой эле карызкордон тартып алынган баланы соттун чечими боюнча издөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө ички иштер органы талап койсо соттун буйругу чыгарылат.
(КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 20.01.2017 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
- Закон КР от 14 марта 2014 года № 48 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский процессуальный кодекс Кыргызской Республики"Редакцияларды салыштыруу
14.03.2014 редакциясында эмне өзгөрдү
Кошулган текст астын сызылган, алынып салынганы чийилген. Өзгөргөн жерлер гана көрсөтүлдү.
…өндүрүү жөнүндө талап билдирилсе;
5) эгерде салыктар жана башка алынып салынды: милдеттүү кошулду: салыктык эмес төлөмдөр боюнча калдыктарды жарандардан өндүрүү жөнүндө талап … издөө боюнча чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө ички иштер органы алынып салынды: же салык полициясы талап койсо соттун буйругу чыгарылат.
кошулду: (КР 2014-жылдын 14-мартындагы № 48 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/12/st-247" title="247-статья - Жарандык процесстик кодекси (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>