# 244-статья. Ишти карап чыгууну жаңыдан баштоо

- Документ: [Жарандык процесстик кодекси](https://aqlex.ai/kg/doc/12)
- Документтеги орду: 23-Глава
- Толук аталышы: КР 1999-жылдын 29-декабрындагы № 146 "Жарандык процесстик кодекси"
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 146
- Кабыл алынган күнү: 29.12.1999
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 20.01.2017
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-244>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/3-9/edition/920722/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/12/st-244.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.01.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Жарандык процесстик кодекси, 244-статья (20.01.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-244

---

1. Сот сырттан чыгарган чечимди жокко чыгарганучурда ишти маңызы боюнча карап чыгуу кайрадан калыбына келтирилет жана ушул Кодекстин жалпы эрежелери боюнча жүргүзүлөт.

2. Иш боюнча чыгарылган чечим соттун отурумун убактысы жана орду жөнүндө тиешелүү түрдө кабарландырылган жоопкер келбеген учурда да сырттан чыгарылган чечимге жатпайт. Жоопкер бул чечимди сырттан чыгарылган катары кайра карап чыгуу жөнүндө кайталап арыз берүүгө укуксуз.

---

Мурунку берене: [243-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-243)  
Кийинки берене: [245-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/12/st-245)
